2017-жылдан тарта Өзбекстанда эки жолу ажылык сапарга чыгууга тыюу салынды.
Мындай жаңы тартиптин киргизилгендиги тууралуу өзбек өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча комитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, 15-декабрда Ажылык жана умра сапарларын уюштуруу боюнча коомдук кеңеш 2017-жылдан баштап ажылыкка буга чейин таптакыр барбаган адамдарды жөнөтүү чечимин кабыл алган.
Жаңы тартип өзбек мусулмандары үчүн ажылык уюштурууга жооптуу болгон өкмөттүк чиновниктерге, ошондой эле Мекке менен Мединага кызматтык иш сапар катары барган жумушчуларга тийиштүү болбойт.
Жыл сайын ажылыкка барган өзбекстандыктарды 8 ашпозчу жана 30 дарыгер коштоп барат.
Умра – кичи ажылыкта мусулмандар өз эрки менен каалаган убакытта Мекке жана Медина шаарына барып зыярат кыла алышат. Ажылык болсо мусулмандар үчүн ыйык беш парздын бири болуп эсептелет.