2017-жылдын 28-апрель Майлуу-Суу шаарына караштуу Сары-Бээ аймактык башкармалыгынын Кой-Таш участкасында болжол менен 18 000 м3 жер көчкүсү Майлуу-Суу дарыясына түшүп, сууну бөгөп калган. Натыйжада ички чарбалык Кара-Жыгач-Сары-Бээ автоунаажолу жабылып, Түштүк Кара-Жыгач айылындагы 37 турак жайды суу каптап кетүү коркунучу жаралган, деп билдирет Өзгөчө кырдаал министрлигинин басма сөз кызматы.
Аталган көчкү 1993-1994-жылдары пайда болгон.
2017-жылдын 28-апрели күнү КР ӨКМги тарабынан 50 куткаруучу, шаардык Жаранды коргонуу кызматтарынан жана жергиликтүү элдерден 85 адам күчү, жалпы 15 атайын техникалардын жардамы менен кооптуу болгон дарыянын жээгин тосуу, бекемдөө жумуштарын жүргүзүшкөн.
Шаардык Жарандык коргонуунун Көчүрүү комиссиясы тарабынан жалпысынан 23 үй бүлө (159 адам) убактылуу коопсуз жайларга көчүрүлүп анын ичинен 21 үй-бүлө Майлуу-Суу шаарындагы туугандарынын турак жайларына жана 2 үй-бүлө Майлуу-Суу шаарынын колледжине жайгаштырылган.
2017-жылдын 1-майынан баштап Сары-Бээ аймактык башкармалыгында жашаган 550 кожолукка (3200 адам) убактылуу жөө каттам берүү үчүн КР ӨКМнин куткаруучулары тарабынан узундугу 1,5 чакырым жол кол күчү менен тоонун борунан салынган.
2017-жылдын 26-майынан баштап Кара-Жыгач-Сары-Бээ автоунаажолун салуу максатында Таш-Көмүр шаарындагы №38 жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 даана самосвал, 2 даана экскаватор, 1 даана бульдозер тартылып, учурда жаңы жолду салуу жумуштарын баштады.