Алмазбек Атамбаев Кабулдагы терактыга байланыштуу Ооганстан президентине көңүл айтты

Автор -
252

Алмазбек Атамбаев Кабул шаарында болгон террор актысынын кесепетинен көп адамдардын курман болгондугуна байланыштуу Ооганста президенти Ашраф Ганиге көңүл айтты.

«Кыргыз Республикасы тынч жашаган жана күнөөсүз жарандарга каршы багытталган бул адамгерчиликсиз актыны чечкиндүү айыптайт», — деп айтылат Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Алмазбек Атамбаев курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө алардын аза кайгысын тең бөлүшкөн көңүл айтуусун, ал эми жабыр тарткандарга тез арада сакайып кетишин каалай турганын билдирди.