Кара-Балта шаарынын боюнча эң ири таштанды таштоочу жайга аталган шаардын бардык булуң- бурчунан чыккан акыр чикир ушул жайга төгүлөт. 1994 жылдан бери бул жайга төгүлүп келген таштандылар техникалык, эколгиялык коопсуздук талаптарына жооп бербей келген. Талап боюнча таштанды таштооочу жай коомдук жайдан алыс жайгашып, тегерек чети тосулуп, атайын кароолчу болушу тийиш. Себеби, мындай жайларга келип бөтөлкө, коробка ж.б таштандыларды терип иштегендер бар. Анын кесепетинен ар кандай жугуштуу оорулар пайда болуп, кооптуу абалды жаратышы толук мүмкүн.
Буга чейин бир нече ирээт техникалык талаптарды оңдоо боюнча жана мыйзамдаштыруу кагаздарын тактоо аракетин көрүү тапшырмасын жергиликтүү бийликке Мамэкотехинспекция берип келген. Азыркы учурда Мамэкотехинспекциянын көрсөтмөсүнүн негизинде Кара-Балта шаарындагы таштанды жайы ирээтке келе баштады. Бир топ маселе жаратып келген таштанды жайы ушул жылдын сентябрь айынан тарта толук мыйзамдаштырылып бүтөт.
Ошондой эле, таштанды жайынын алыс аралыкта жайгашкандыктан жергиликтүү тургундар калдыктарын баш аламан, жолдун боюна таштап келген. Натыйжада жакынкы үйлөрдүн жергиликтүү тургундары чоң көлөмдө төгүлүп кеткен калдыктан, жагымсыз жыттан запкы чегип келген. Мамэкотехинспекциянын аймактык башкармалыгы тарабынан тийиштүү мекемелер аралык уюштурган жыйындардын, эскертүү, тийиштүү чаралар көрүлгөндүктөн, 2018 жылдын башында Кара-Балта шаарынын мериясы таштанды жайына кетчү жолду оңдоону мерчемдеп жатат.