Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-июнда, кечээ, 19-июнда, Ысык-Көл облусундагы Ананьево айылындагы автогазозаправка станциясындагы жарылууда каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.
Мамлекет башчысы каза тапкандардын үй-бүлөсүнө жана жапа чеккендерге материалдык жардам көрсөтүү боюнча тапшырма берди.
Жарылуудан улам 2 адам каза таап, 8 адам жапа чеккен.