Кант шаарында бир күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын басма сөз кызматы билдирет.
Анын маалыматына ылайык, бул оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу.
«14-15-февралда Кант шаарынын Джакыпов көчөсүндө жаратылыш газын берүү токтотула тургандыгы боюнча газ колдонуучуларды маалымдайт. Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө», – делет билдирүүдө.