Бишкек шаарынын Биринчи май районунун тургуну С.О жапайы жаныбарларды көп кабаттуу батиринде мыйзамсыз багып жүргөн. Бул туурасында Мамэкотехинспекциянын инспекторлоруна Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын мобилдик батальону маалымат берген.
Аталган жаранды жеринен кармап, дароо Мамэкотехинспекциянын экологдоруна кабар беришкен. Инспекторлор текшерүүгө алганда, аталган жаран эч кандай уруксат кагаздары жок 4 жылан, 2 жапайы жырткыч куш жана 1 кирпини багып жаткандыгын аныкташкан.
Мамэкотехинпекциянын экологдору тийиштүү акты, протоколдорду толтурушуп, жаныбарларды дароо реабилитациялоо борборуна өткөрүп беришип, текшерүүгө аланып, адистердин көзөмөлүндө. Учурда жапайы жаныбарларды үй шартында багып жүргөн жаранга карата топтолгон материалдар сотко өткөрүлүп жатат. Мыйзам боюнча жапайы жаныбарларды үй шартында кармап, багууга тыйуу салынат. Ошондой эле, кимде ким жапайы жырткычтарды кармап, багып жүргөн же ошондой көрүнүштөргө күбө болуп калса Мамэкотехинспекцияга маалымдап коюнуздар», – делет билдирүүдө.