Ажылыкка каттоо 16-февралда аяктайт

Автор -
232

2018-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын 13-февралдагы отурумунун протоколунун чечимине ылайык 16-февралда саат 17:00до РСК банкына $500 жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын кабыл алуу өлкө аймагы боюнча токтотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Ал эми 16-февралда саат 17:00го чейин РСК банкына $500 жана кайтарымсыз 1000 сом акча каражатын төлөгөн квитанциясы бар ажыга баруучу талапкерлерди ажылык серверине каттоо иштери 23-февраль, саат 17:00го чейин улантылат.

Бул чечим УРШ тарабынан ажылык сапарын уюштуруу тартиби жөнүндөгү Жобого ылайык кабыл алынды.

«Каттоону мөөнөтүнөн эрте токтотуп жатканыбыздын себеби – ажылыкка барууну каалагандардын саны бөлүнгөн 5 миң 400 квотадан ашып түштү», – деп билдиришти Saat.kg сайтына Муфтияттын басма сөз кызматы.