Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына, райондук мамлекеттик администрацияларга жана Нарын шаардык мэриясына 2017-жыл ичинде жарандардан жалпы облус боюнча 2 миң 735 арыз, даттануулар жана оозеки кайрылуулар келген. Бул туурлуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.
Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына — 638 (арыз-446, оозеки кайрылуу-192). Ак-Талаа — 365 (арыз-44, оозеки кайрылуу-321), Ат-Башы — 265 (арыз-106, оозеки кайрылуу-159), Жумгал — 121 (арыз-83, оозеки кайрылуу-38), Кочкор — 611 (арыз-203, оозеки кайрылуу-408), Нарын району — 150 (арыз-79, оозеки кайрылуу-71), Нарын шаары -585 (арыз-382, оозеки кайрылуу- 203).
Мунун ичинен чечилгени-1123, түшүндүрүлгөнү — 1572. Мөөнөтүнөн кечиккен арыз жок. 40 арыз көзөмөлдө турат. 2017-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атына 446 арыз-даттануу келип түшкөн. Мунун ичинен электрондук кайрылуу — 2. Жогору жактан жалпы- 198 арыз даттануу келген.
Анын ичинен президент аппаратынан-73, өкмөтүнөн-125. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн жана анын орун басарлары жана аппарат жетекчисинин кабыл алуусунда — 192 жаран болгон. Келип тушкон кайрылууларды анализдегенде, негизинен аз камсыз болгон жарандар кайрылышууда. Алсак, материалдык жардам суроо, коммуналдык тейлөө, турак- жай курууга курулуш материалдарынан жардам берүүнү, Бишкек шаарына барып дарыланууга акча каражатынан жардам, электр энергиясынын төлөмүн женилдиктерди, жана башка маселелерди түзөт.