Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинди ай календары боюнча Жаңы жыл — Жаз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
«Реформа жана ачык саясат жүргүзгөн 40 жылдын аралыгында Кытай чындыгында эле жалпы дүйнөнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизген укмуштуудай ийгиликтерге жетишти. Бүгүн сиздердин өлкө тездетилген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жолунда ишенимдүү баратат, регионалдык жана эл аралык иштерде, ошондой эле глобалдуу проблемаларды чечүүдө маанилүү роль ойноп жатат. Мындай ийгиликке, албетте, сиздин жетекчилигиңиз алдында Кытайдын жүргүзгөн акылман жана көрөгөч саясаты өбөлгө болууда», – деп белгиленет куттуктооо телеграммасында..
Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн бийик деңгээлин белгилеп кетүү кубанычтуу.
«Эки тараптуу диалог өнүгүп жатат, саясый өз ара ишеним бекемдеп, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда байланыштар кеңейүүдө, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндө тыгыз өз ара аракеттенишүү жүзөгө ашырылууда. Өлкөлөрүбүз регионалдык жана эл аралык форматтарда жигердүү кызматташып жатат», – делет билдирүүдө.