2018-жылдын 1-март Баткен-Ош жолунда Кыргызтан жараны Э.Н.С. башкарган «Мерседес-Бенц 408» үлгүсүндөгү автотранспорттук каражат токтотулуп, текшерилген.
Жүк ташуу бөлүгүн текшерген учурда, бажы контролунан тышкары ЕАЭБтин аймагына Таджикистандан ташып келе жаткан жалпы суммасы 133 миң сомду түзгөн 1 миң 900 кг лимон табылган.
Иштин материалдары тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областынын прокуратурасына өткөрүлүп берилди.






























