Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта, Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.
Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында жайгашкан 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында эркиндик жана адилеттик үчүн курман болгондордун Эстелигине гүл койду.