Сапар Исаков «Ош» аэропортунда учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залдын ачылышына катышты

Автор -
290

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 17-мартта, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапарынын алкагында «Ош» эл аралык аэропортундагы учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залдын ачылышына катышты.

Премьер-министр мындай инфраструктуралык объектилердин курулушу өлкөнүн өнүгүүсүнүн көрсөткүчү болуп саналат деп билдирди.

Сапар Исаков «Ош» эл аралык аэропортунун учуп келүүчүлөр үчүн жаңы залын көрүп чыгып, жаңы орнотулган «Электрондук дарбаза» (E-gate) аппараттык-программалык комплексинин иштешин сынап көрдү.

«Манас» Эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуев Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы эл аралык аэропортторду өнүктүрүү боюнча коюлган пландар тууралуу маалымат берди.

Жаңы учуп келүү залынын ачылышы «Ош» эл аралык аэропортунун учурдагы аэровокзалдык комплексинин имаратын кеңейтүү эсебинен жүргүзүлгөн. Учуп келүүчүлөр үчүн жаңы зал бир учурда 2-3 авиакаттамды кабыл алууга мүмкүндүк берет, анын жалпы өндүрүштүк аянты 2000 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө кеңейтүү иштеринен соң, аэровокзалдык комплекстин өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 550-600 жүргүнчүнү түзүүдө.

Мындан тышкары, учурда учуп-конуу тилкесине тийиштүү радиотехникалык жана жарык берүүчү жабдууларды орнотуу менен анын аянтын 400 метрге узартуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жыйынтыкталуу алдында турат.