Бүгүн, 20-март күнү Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Курманжан-Датка аймактык кеңешине барып, студенттик шаарчадагы Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты. Анда салттуу ыр бийлер тартууланып, Кыргыз-Өзбек университети тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болду.
Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров Нооруз токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын, жаңы жылдын башаты экендигин айтып, жакшы тилектерди каалады.
“Бүгүн Ош шаарындагы баардык аймактык кеңештерде, Жогорку жана орто окуу жайларда майрамдык иш-чаралар уюштурулуп жатат. Мусулман эли белгилеген жаңы жыл бизге көп ийгиликтерди алып келсин. Жакшы тилкетерди айтып, сүмөлөк кайнаталы. Быйыл түшүм мол болсун, жерибизге кут-береке келсин”, – деди З.Аскаров.
Белгилей кетсек, бүгүн 20-март Ош шаарына караштуу 12 аймактык кеңешинде жана Жапалак айыл аймактык башкармалыгында элдик майрам уюштурулган. Ошондой эле, окуу жайларда, мекеме-ишканаларда, эс алуучу жайларда концерттик программалар тартууланып жатат.
Мындан тышкары, кечинде “Кадыр түн” каадасы уюштурулуп, жаштар үчүн бий кечеси болот.