«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров темир жол каттамдарынын ичинден, транзиттик каттам төлөмдөрү 30% төмөндөтүлүп, бул жүк ташуу тармагына чоң таасир берээрин белгилеп кетти.
Бул жеңилдиктин алкагында, оор жүк ташуучу автоунаалардын каттамдар тармагы ирээтке келтирилиши керектигин айтты.
«Ош-Бишкек жолунда оор жүк каттамдарынын айынан жолубуз талкаланып, экологияга зыян келип жатат жана экономикага таасир берип атат. Эгерде оор жүк ташуу, темир жол менен каттаса салык төлөөдө жеңилдик болот, бир топ жол кырсыктары азайат. Өкмөт өзүңөрдүн токтомуңар менен аныктап, жол жобосун тактап жана мүмкун болушунча, кандай гана товар болбосун, Россия же башка мамлекеттен келеби, оор жүктүн баары темир жол аркылуу алынып келинсе, жеңилдик болот» – деген оюн эл өкүлү билдирди.