«Чек арасыз кабарчылар» уюму 180 мамлекеттеги сөз эркиндигин иликтөөгө алды. Кыргызстан 85-орунду ээлеп, былтыркы көрсөтүчтөн үч тепкич жогорулаган.
Борбор Азия мамлекеттер ичинен Тажикстан 150-орунга түшкөн. Былтыркы көрсөткүчтө бул өлкө 116-орунда болчу. Ал эми Казакстан 160, Өзбекстан 166, Түркмөнстан 178-тепкич менен сөз эркиндиги эң начар деген 20 мамлекеттин катарын толукташты.
Сөз эркиндиги эң мыкты делген өлкөлөрдүн сап башында – Финляндия, Нидерландия жана Норвегия мамлекеттери турса, АКШ 41-орунга көтөрүлгөн, мурунку жылы 49-орунда болгон. 152-орунда турган Орусия былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу 4 орунга артка жылган.
«Чек арасыз кабарчылар» иликтөөну социлогдорду, юристтерди жана журналисттерди сурамжылап жүргүзгөн.