Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кошулуп, кандай өзгөрүүлөр болгонун, өлкөгө кандай мүмкүнчүлүктөрдү бергени тууралуу серепчилер тегерек столдо талкуулашты.
Экономист Жумакадыр Акенеевдин айтымында, уюмга кошулуу менен Кыргызстан өлкө ичиндеги туруктуулукту сактап кала алды.
«Өз убагында ЕАЭБке кирип алганыбыз Кыргызстан үчүн жакшы таасирин көрсөтүп жатат. Себеби, 2015-2016-жылдар көп сандаган митингдер менен коштолот эле. Үчүнчү революция да болуп кетиши мүмкүн болчу» — дейт ал.
Эксперт Кыргызстан биримдикке кирип, Орусия жана Казакстандагы жарандарынын шарттарын жеңилдете алганын айтат.
«Өзбек, тажик мигранттары депортацияланып жатат. Ал эми биздин мигранттардын укуктары жергиликтүү ишкерлердики менен теңелди. Эгерде алар да чыгарып жиберилип, кайтып келе турган болсо, жумушсуздуктун айынан көтөрүлүштөр чыгат болчу», — деген оюн билдирди Жумакадыр Акенеев.
Жакында болуп өткөн өзбек-кыргыз чек ара маселесинде ЕАЭБдин жардамы тийди дейт серепчи. Анткени, Кыргызстандын жери ЕАЭБдин жери болуп эсептелинет деп кошумчалай кетти ал.
Катышуучу эксперттердин бири, Чикаго университин профессору Жаныбек Адышев уюмга киргенден кийин Кыргызстан кыйынчылыктарга туш болгонун айтты.
«Чынында Кыргызстандын ЕАЭБга кирүүгө толук кандуу даяр эмес экени да байкалды. Мисалы, техникалык жактан даяр эметигинен, ветеринария тармагынын чабалдыгынан Кыргызстан Орусияга сүттү экспорттой албай жатат. Теңге менен рублдун туруксуздугунан улам башаламандыктар болуп, баалардын ар түрдүү болуусунан аткезчилик күч алууда», — деди ал.