Дүйнөдөгү эң улгайган мырза табылды

Автор -

Япониянын 112 жаштагы жараны дүйнөдөгү эң улгайган эркек деп табылды. Бул тууралуу «Гиннесстин рекорддор китебинин» расмий сайтында жарыяланды.

Белгилүү болгондой, Нонака 1905-жылы 25-июлда жарык дүйнөгө келген. Анын жети эркек бир тууганы жана бир карындашы бар. Ал эми өзү 5 баланын атасы. Рекорддор китебинин Япониядагы өкүлү Эрика Огава Нонака жашаган Хоккайдо аралына барып, ага атайын сертификат тапшырып келген.

Нонака бош убактысында гезит окуп, телевизор көрүү менен биргеликте ар кандай таттуу даамдарды жегенди жакшы көрөт. Бул жаран «Дүйнөдөгү эң улгайган эркек» наамын алган жалгыз япон эмес. Мурда ушул эле наамга 116 жаштагы Дзироэмон Кимура аттуу Япон жараны татыктуу болгон.