ЖК Өкмөттүн аппарат жетекчилигине жана юстиция министрилигине талапкерлерди жактырды

Автор -
231

Жогорку Кеӊеш Өкмөттүн аппарат жетекчилигине Мурат Мукамбетовдун жана юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырды.

Жогорку Кеӊеш КР Премьер-министри Сапар Исаков тарабынан Өкмөттүн аппарат жетекчисине сунушталган Мукамбетов Мурат Картайбековичтин жана юстиция министрлигине сунушталган Абдылдаева Айнур Нуралиеванын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Өкмөттүн аппарат жетекчилигине талапкер Мурат Мукамбетов Өкмөттүн аппаратында 2003-жылдан бери иштеп, 2012-жылы аппарат жетекчисинин биринчи орун басарлыгына дайындалган.

Ал эми юстиция министрлигине талапкер Айнур Абдылдаева буга чейин Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген.

Эске салсак, «КР Өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.