Сүйүнчү! Ошто Көркөм өнөр институту ачылат

Автор -
336

Ош шаарында Көркөм өнөр институту ачылат. Бул жөнүндө Билим берүү министрлиги кабарлашты.

Буга улай өлкөбүздүн билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева Ош шаарында Баткен, Жалал-Абад шаарында Ош облустарындагы мектеп директорлору менен жумушчу кеӊешме өткөрдү. Анда Презденттин указына ылайык Кыргызстандагы аймактарды өнүктүрүү максатында агартуунун маселелери талкууланды.

«Жумушчу кеӊешменин жүрүшүндө Дүйнөлүк банк каржылаган «Агартуу тармагындагы реформаларды колдоо» долбооруна ылайык иштелип чыккан башталгыч жана орто мектептер үчүн мультимедиялык комплекстер тушоосун кести. Мындан тышкары мектеп директорлоруна билим берүүнү  башкаруудагы жаӊы маалымат системасы көрөтүлүп, республикалык олимпиаданын жыйынтыктарды дагы жар салынды»,-деп билдирди Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиева.

Ошондой эле Гулмира Кудайбердиева ОшМУнун Көркөм өнөр институту жакын арада ачылат. Жаӊы имарат заманбап, студенттердин тереӊ билим алуусун гана шарттайт.