Ош базардагы кырсык: Тилсиз жоонун келип чыгышы пландалганбы?

Автор -
346

Бүгүн, 13-апрелде «Ош базарындагы» «Берекет» соода түйүнүнөн түнкү саат 3:00дөр чамасында өрт чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча өрт соода борборунун ар кайсы бөлүктөрү кийимдер, кир жуучу каражаттар жана канцелярдык товарларды саткан контейнерлерден чыккан. Жалын күч ала электе кээ бир сатуучулар товарларын чыгарып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Ал эми базардын сатуучулары бул жерди тазалап, жаӊы курулуш башташы мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.

«Бул жерге бирөөлөр жаӊы имарат кургусу келип жатат. Өрт дагы деле өчүрүлө элек. Бул жерде дем алууга мүмкүн эмес болууда. Биздин контейнерибизге болгону 10 чакырым калды, биз өз товарларыбызды  алып чыкканга жетиштик. Эми баарын үйгө алып кетебиз»,- деп билдиришти сатуучулар.

Эскерте кетсек, Ош базарындагы өрттөн жабыркаган өрт өчүрүү кызматынын 5 кызматкери дарыгерлерге кайрылган. Алардын төртөө иске ууланса, бирөө өрттөн денесине жеңил жаракат алган