Telegram мессенджери жабылабы?

Автор -

Роскомнадзор соттон токтоосуз түрдө Telegram мессенджерине бөгөт коюуну сурады. “Интерфакс” агенттиги билдиргендей, доо арыз 13-апрелде каралмак. Бирок, сот отуруму жылдырылды.

Өткөн дүйшөмбүдө Роскомнадзор соттун чечими чыкканга чейин мекеме мессенджерди жаппай турганын билдирген.

Буга чейин Роскомнадзор Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) суроосу боюнча Telegram мессенджерин жабуу талабы менен сотко кайрылган. Мекеме мессенджердин жетекчилигине кайрылып, колдонуучулардын кат алышууларын чечмелөө ачкычын ФСБга берүүнү талап кылган.

Telegram жетекчилиги кат алышуу сырын кепилдендирген Орусия Конституциясына таянуу менен талапты аткаруудан баш тартууда. Мындан тышкары компания бул техникалык жактан мүмкүн эмес экенин белгилөөдө.

Журналисттер интернет-кат алышууну көзөмөлдөө жөнүндө мыйзам алардын жеке жашоого болгон укугун бузат, эркин пикир билдирүүгө доо кетет деп эсептешет.