Эртең 14-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт, — деп билдирет Кыргызгидромет.
Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10, Чүй өрөөнүндө 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22..27,
Талас облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24,
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 12…17,
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 14…19,
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 25…27 градус жылуу болот.