Сириялык качкын кыз сиңдиси менен сынган кайыкты түртүп отуруп Эгей деңизинен Грекияга чейин жетишкен.

Үстүндө 18 кишиси бар кайыктын мотору сынып орто жолдо калышкан. Мындай курч абалдан чыгуу үчүн Юсра Мардина дароо деңизге секирген. Артынан бир тууганы кошо түшүп, андан кийин дагы бир адам кошулган. Алар сүзүп, кайыкты түртүп да жүрүп отурушкан. Бир маалда Лесбоса (Грекия) жээгине жете келишкен.

Юсра болгону 18 жашта. islam.ru маалыматы боюнча, Алар сиңдиси экөө буга чейин сууда сүзүү боюнча профессионалдык деңгээлде машыгып жүрүшкөн.

Ал Сириянын атынан олимпиада оюндарына катышууну каалайт. Азыр 43 качкын спортчунун катарына кошулду. Эми курама команда менен «РИО-2016» олимпиадасына барат.