Тогуз-Тородогу митингге активдүү катышкан 15 адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди..
Маалыматка ылайык, аларга карата 234-берене (бейбаштык), 174-берене (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-берене (массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголгон.
«Учурда алтын ылгаган комбинаттын өрттөлүшүнө тиешеси бар делген 15 адам кармалды. Алар Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Ал эми 130дан ашык киши суракка алынды. Кармалгандардын үчөө аял киши. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Ошондой эле, Тышкы иштер министирлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева Кытай тарап Кыргыз тарапка Тогуз-Тородогу окуя боюнча кайрылуу жасаганын айтты.
«Кытай элчилиги Тогуз-Тородогу окуяда кытай инвесторлорун жергиликтүү жашоочулардан коргоону жана аталган чырды көзөмөлгө алууну суранган. Териштирүүнү ИИМ өз көзөмөлүнө алды», — дейт Кулукеева.
Айта кетсек, буга чейин Тогуз-Тородо миңден ашуун адамдын катышуусунда митинг болгон. Алар аймактагы алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун талап кылышкан. Митингдин жүрүшүндө алтын ылгоочу комбинаттын имараты өрттөлүп, ыргытылган таштан 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургун жаракат алып ооруканага кайрылган. Кийин бул окуяга байланыштуу райондун акими кызматынан алынган.