Бишкекте эки кызды өлтүрө сүзүп кеткен айдоочу камакка алынды

Автор -
261

Бишкекте эки кызды сүзүп кеткен КамАЗ жүк ташуучу унаанын 60-жаштагы айдоочусу камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Бүгүн, 17-апрелде КамАЗ жүк ташуучу унаасынын айдоочусуна карата кылмыш иши козголду. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды», — деп билдирет басма сөз кызматынан.

Эске салсак, 16-апрелде Бишкек шаарындагы Учкун кичи районундагы Ауэзов көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан КамАЗ жүк ташуучу унаасы 20 жана 25 жаштагы азиат түспөлүндөгү 2 кызды жөө адамдар өтүүчү жайдан cүзүп кеткен. Кыздар окуя болгон жерден жан беришкен.