Бүгүн Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси менен жаңыдан мандат алган депутаттары ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга расмий киришти. Алардын бири Насыр Мусаев. Ал маркум Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди.
Ал эми экинчиси Руслан Чойбеков Казакстанда аткезчиликке байланыштуу айыпталып камалган депутат Дамирбек Асылбек уулунун ордуна келген. БШК Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер келип түшкөн соң 15-апрелде аны мандаттан ажыраткан.