Кыргызстандык аял Иракта өлүм жазасына тартылды

Автор -
218

Ирактын борбордук кылмыш соту “Ислам мамлекети” террордук тобундагы Кыргызстандан барган аялды өлүм жасазына тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Ирактын борбордук кылмыш соту тарабынан “Ислам мамлекети” террордук тобундагы жети чет элдик аял өмүр бою эркинен ажыратылып, ичинен бир француз улутундагы аял жана эки орусиялык аял өмүр бою эркинен ажыратылды. Ал эми Азербайжандан барган 3 аял жана кыргызстандык аял өлүм жазасына тартылган.

Апрель айынын башында Al-Arabia телеканалы, Ирактын борбордук кылмыш соту  Туркиянын алты жаранын террордук топ менен байланышта болгону үчүн өлүм жазасына тарткан.

Кошумчалай кетсек, Иракта түрмөдө отурган орусиялык айымдардын жашы 14 жаштан башталат. Алар эки берене боюнча; чек араны мыйзамсыз бузгандыгы жана  террордук топто мүчө болгондугу үчүн кармалышкан.