Ош шаарынын бир нече районунда ичүүчү суу үч күнгө өчүрүлөт. Бул тууралуу “Ош суу канал” муниципалдык ишканасынан билдиришти.
Жазгы пландык-профилактикалык иштерди жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү айылдык кеңештерден тышкары шаарда ичүүчү суу өчүрүлөт: «Курманжан-Датка», «Манас-Ата», «Туран», «Достук» кичи району жана «Калинин» конушу.
Суу 24нөн 26-апрелге чейин токтотулат.
“Ош суу канал” жашоочулардан, коомдук уюмдар жана Ош шаардык кызматтарынан бул мезгилге керектүү суу камын топтоп алууну өтүнөт.