1-Май — Эмгекчилердин эл аралык күнүнө байланыштуу Кыргыз-Кытай чек арасы убактылуу жабылат. Бул тууралуу маалыматты мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
“Кытай тараптын демилгеси менен “Эмгек күнү” майрамына карата “ «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл өткөрүү жайлары 2018-жылдын 30-апрелинен 1-майга чейин убактылуу жабык болот”,-деп айтылат маалыматта.
Каттам кайра 2-майдан тарта жанданат.