Эртең, 26-апрелде түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 14…19,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 8…13,
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;
Эртең Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8, күндүз 15…17 градус болот.