«Ош базарынын» сатуучулары түнкүсүн өз товарларын кайтарып чыгышууда. Бул тууралуу сатуучулар билдиришти.
Алардын билдирүүсү боюнча базарда кайрадан өрт чыгышы мүмкүн деген маалыматтар тарап жатат.
«Базар бир жолу өрттөлдү экинчи жолу да дал ушундай нерсе катталышы мүмкүн. Анткени, бизди толугу менен базардан чыгара алышкан жок. Көпчүлүк сатуучулар келип өз товарларын таппай калышты анткени, алардын көбү уурдалып кеткен»,-деп билдиришти сатуучулар.