Эл аралык «Бишкек –Ташкент» жана «Ташкент-Бишкек» автобустук каттамы ачылат

Автор -
248

Кыргыз автобекети Мамлекеттик ишканасы 2018 жылдын 5-майынан баштап эл аралык «Бишкек -Ташкент» автобустук каттамы боюнча жүргүнчүлѳрдү жѳнѳтүү  пландаштырууда. Бул тууралуу КР Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Билет чоң адамдар үчүн баасы 1000 сомдон, 5-12 жашка чейинки балдарга 500 сом, 5 жашка чейинки балдарга акысыз (орун ээлебесе). Багаждын бир орундугу 200 сом. Билеттер «Кыргыз автобекети»  ишканасынын кассаларында сатылат»,- деп жазылат маалыматта.

Аталган рейс күнүгө кечки саат 22.00 жөнөп турат.

Белгилей кетсек, Ташкент маршруту боюнча темир жол, аба каттам жана авто каттамдар  жөнүндө келишим эки мамлекеттин үзгүлтүксүз байланышын ачуу учүн, 2017-жылдын  13-14-декабрындагы эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусундагы  тараптуу келишимдерди өз убагында ишке ашырууну камсыз кылуу максатында түзүлгөн.