Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Instagramда баракча ачты

Автор -

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Instagram социалдык тармагында жеке баракчасын ачты.

Өкмөт башчынын баракчасынын ачылганына эки күн гана болгонуна карабай ага 2000 ашуун колдонуучу жазылган. Ал эми премьер-министр президенттин гана баракчасына жактыруу койгон. Өкмөт башчынын алгачкы билдирүүлөрү орус тилинде жазылганына карабай 100 жакын «like» белгисине ээ болгон.

Ал эми мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун баракчасына 21 миӊден ашуун киши жазылып, Исаков 117 билдирүү калтырган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү