Базар-Коргон:  19 жаштагы жигитти бычактап жаткан учур видеого түшүп калган

Автор -
432

19 жаштагы жигитке 24 жаштагы шектелүүчү артынан келип, бычак менен бир нече ирет сайып жиберген видеосу ошол жердеги автобекеттин көзөмөл камерасына түшүп калган.

Окуя кече,7-майда катталып, 19 жаштагы жигитке бычак сайган адам кармалган. Каргаша болгон учурда шектүү мас абалында болгон.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, автобекетте 19 жаштагы адам менен 24 жаштагы адамдын ортосунда жаңжал чыккан.

«24 жаштагы адам мас абалында болгон, жаңжалдын аягында 19 жаштагы адамга бычак сайып салган. Учурда ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген, иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп билдиришти.

Видеодо зомбулук сахналары камтылган. Кош бойлуу айымдарга көрүүгө болбойт!