Бүгүн Бишкектин айрым конуштарында жарык өчүрүлөт

Автор -

Бишкектин бир катар көчөлөрүнө бүгүн, 8-май күнү жарык берилбейт. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, атайын бригада «Костромская» подстанциясында 00.00дөн 5.00гө чейин оңдоо иштерин жүргүзүлөт.

Жарык төмөнкү аймактарда үзгүлтүккө учурайт:

-Дэн Сяопин проспектисиндеги үйлөр

-Профсоюзная көчөсү

-Кайназарова көчөсү

— Патриса Лумумбы көчөсү

— «Касым» конушу

-«Достук» кичи району

Ошондой эле саат 9.00дөн 17.00гө чейин Чүй облусундагы Белек, Манас жана Сокулук айылдарында жарык берүү үзгүлтүккө учурайт.

Бөлүшүү