Ош шаарынын айрым аймактарында 10-11-май күнү 09:00дон 17:00го чейин 2018-2019-жылдардагы күз-кыш мезгилине энергообъектилерди даярдоо иштерине байланыштуу төмөндөгү даректерде свет өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма-сөз кызматынан билдиришти.
Алар:
— 10-май күнү Ош шаарынын №4 «Ак-Тилек» аймактык кеңешине караштуу Эсенжанов көчөсүндө, Анар кичи шаарчасында, №52, №50 мектебинде.
— №5 «Керме-Тоо» аймактык кеңешине караштуу Осмонов көчөсүндө, Бекбалиев 11, 12 үйлөрүндө, атайын мектебинде.
-№8 Ак-Буура аймактык кеңешине караштуу Нурматов көчөсүндө, Грензавод аймагында, №4 автобаза, Санрайз, Шахай сити мейманкаларында.
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Жапалак, Төөке, Кеңеш айылдарында, №36806 аскер бөлүгүндө, Коргон участкасында.
Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында, Кош-Таш көчөсүндө.
Төлөйкөн айылына караштуу Мамытов, Куренкеев, Саргалчаева көчөлөрүндө. Кургак учук санаториясында.
Ошондой эле 11-май күнү саат 09:00дон 17:00го чейин Ош шаарынын №8 «Ак-Буура» аймактык кеңешине караштуу Нурматов көчөсүндө, Грензовод аймагында, №4 автобаза, Санрайз, Шахай сити мейманкаларында.
№4 «Ак-Тилек» аймактык кеңешине караштуу №4 поликлиника, Өскөналиев, Комсомольская көчөлөрүндө, Рембыт техника аймагында.
Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Фуркат айылында, Маруфий, Бабур, Бакинский көчөлөрүндө.