ЖКда акыйкатчынын 2015-жылкы ишмердүүлүгүн 29 депутат талкууга алып жатат. Ал эми катталгандар 105.
Бир нече депуттар өкмөт башчысы, министрлер жок болгондуктан жана 29 гана депутат катышып жаткандыктан бул маселени кароо кийинкиге калтырууну сунуштап жатышат.
Вице-спикер Нурбек Алимбеков 105 депутат катталган, демек кворум бар экенин айтты.
Жыйынтык боюнча 40 депутат кийинкиге жылдырууга каршы добуш беришти. Бирок жыйында 29 депутат бар.
Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Галина Скрипкина бүгүн талкуулап, кийинкиде добуш берүүнү сунуштады.
“Кызыккан депутаттардын баарысы бул жерде, алар суроолорго жазылууда, ошондуктан талкууну кийинкиге жылдырууга болбойт”, -дейт Скрипкина.