Лейлек районунда жүргөн селдин видеосу жарыяланды (Видео)

Автор -
325

Баткен облусунун Лейлек районунда жүргөн селден улам өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 13-майда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам суу көтөрүлүп, үйлөрдү каптаган.

Чимген айылында 15 үйдүн короосуна суу кирген. Ошондой эле сел «Ак-Чайыр» балдар интернатынын короосун каптаган.

Ошондой эле Ак-Суу айылында сел жети бодо малды агызып, эки зым карагайды кулаткан. Жабыркагандар жок.