Алматы шаарында (Казакстан) аралашкан пирамида боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык бильярдчы ийгилик жарата алды. Жарым финалда Азиз Мадаминов өзбекстандык Александр Сидоров менен беттешти.

Оюн башынан тарта тең жүрүп, бүйүр кызытты. Алгачкы партияда мекендешибиз атаандашын 8:7ге жеңе алды. Экинчи партияда Мадаминов кайрадан 2:0 эсебинде алга оозуп чыкты. Бирок, Сидоров 8 ташты катары менен киргизип, жалпы эсеп 1:1 болуп калды.

Үчүнчү партияда кыргызстандык спортчу ишеничтүүрөөк ойноп, 7:0 эсеби менен алдыга чыккан. Бирок ал акыркы ташын киргизе албай калып, Өзбекстандын өкүлү катары менен 8 шар атып, партияны жеңди. Эсеп – 1:2.

Сидоров төртүнчү партияда дагы алдыга чыгып, 6:0 эсебинде жеңип баштаган. Мунусунда кыргызстандык бильярдчы 8 ташты биринин артынан бирин киргизип, жалпы эсепти кайрадан теңей алды. 2:2.

Тең оюн улана берип, партиялар боюнча эсеп 3:3кө жетти. Андан ары Мадаминов алдыга оозунуп, эки партияны катары менен утту – 5:3.

Финалга чыгуу үчүн ал акыркы партияны жеңиши керек эле. Бирок Сидоров эсепти теңей алды – 5:5.

Чечүүчү партияда пирамиданы өзбекстандык спортчу жарды. 8 ташты удаа киргизип, Сидоров жеңүүчү аталды.

Ошентип, Мадаминов үчүнчү орунга ээ болуп, коло медалды багындыра алды.