Оруссиянын Киров шаарында 11 жаштагы бала карнизди кармап балкондо жарым саат асылып турган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.
21-майда саат 16.00дөр чамасында полицияга балкондо бала асылып турат деген чакыруу түшкөн. Күбөлөрдүн айтымында, ал бала 6-кабаттын терезесинен кулап баратып, акыркы минутада парданын илгичин кармап калган. Анан апасы баланын колунан кармап калууга үлгүргөн.
Куткаруучуларга чейин Кайгуул көзөмөл кызматы келип, алардын бирөө астыңкы кабаттагы батирге кирип, үй ээси экөө баланы бутунан жөлөп турушкан. Анан куткаруучулар аны автошаты менен алып түшүшкөн. Бала жаракат алган эмес.
Бул маалымат ММК кызматтарына тарагандан кийин Оруссиянын облустук Тергөө комитети окуя болордун алдында баланы апасы урушуп, сабаган деген жагдайды териштире баштаган.
https://youtu.be/Zb0DuumHqpo