Бишкек – Күн-Туу унаа жолунда айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти

Автор -

Бишкек – Күн-Туу унаа жолунда белгисиз айдоочу жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Милиция кылмышка шектүү адамды издөөдө жарандардан жардам сурайт.

«21 майда болжол менен саат 03:00дөр чамасында белгисиз айдоочу тактала элек автоунаа менен Бишкек – Күн-Туу унаажолунун 4-чакырымында жөө жүргүнчүнү коюп кеткен. Натыйжада Кашка-Баш айылынын 1977-жылкы А.М., аттуу тургуну алган жаракаттан улам каза болгон»,-деп айтылат маалыматта.

Чүй облусу боюнча жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы (ЖКККББ) аталган жол кырсыгына күбө болгон жарандарга кайрылып, окуянын чоо-жайын тактоодө көмөк көрсөтүүлөрү үчүн төмөнкү телефондорго кайрылып, маалымат берип коюуну өтүнөт:

0700 20 40 03

0707 87 71 63

Купуялуулукка кепилдик берилет.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү