Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунда таш кулады

Автор -
310

Боом капчыгайында таш кулады. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

«Нөшөрлөп жааган жаандан жана катуу шамалдын натыйжасында Боом капчыгайындагы Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 119-чакырымында шагыл жана таш кулады»,деп айтылат маалыматта.

Чүй облусунун ЖКККББсы айдоочуларды жолдо сак болууга чакырып, ылдамдыкты жогорулатпоону сунуштайт.