30-40 литр сүт берген уйлар жана жарым тонна таза эт берген асыл тукумдуу букаларды көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатат.

Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын жайыт комитетинин жетекчиси Жунус Исмаилов Бишкектен атайын билим алып келген. Ал беш жылдан бери каталогдору көтөрүп алып, мал базарларга, үйлөргө барып, уруктандыруу жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрөт. Батыш мамлекеттеринде этти экспорттошот. Ар бир уйдан 70, 80 литрге чейин сүт алып, малдын эсебинен байып жатышат дейт ал.

«Азыр жаш кадрларды окутуп жатабыз, аймактардан келип үйрөнүп жатышат. Бул иш боюнча өкмөт, айыл өкмөтү тарабынан да жардам берилип жатат. Бизде азыр симентал породасындагы бир, эки жашар музооолор 100, 80 миң сомдон турат. Лимузин тукумундагы букалар 400, 380 кг эт берет», — деп айтып берди Исмаилов.

Лимузин породасы. Сүрөт: www
Лимузин породасы. Сүрөт: www

Анын айтымында, маркетингди жолго коюу зарылчылыгы бар. 30 литр сүт алган фермерлер сүтүн сата албай жатышат. Базар баасы — 11, 12 сом. Сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды ачып, этти супермаркеттерге өткөрүп, экологиялык таза этти чет өлкөлөргө эспорттош керектигин айтат. Чоң букаларды касаптар да албай жатышат, себеби 400 кг  эт күн ысыкта сатылбай, карайып кетет.

«Симентал, абердин ангус, гольштина, швиц тоо-ташка, ал эми норвегиялык, кызыл деген пародалар суукка, биздин шартка ыңгайлуу. Эт керектерге көгүш бельгиялык деген эт багытындагыларды аргындаштырып берип жатыбыз», — деп кошумчалады адис.

Биринчи жылы 23 уй уруктандырылган. Кийинки жылдары 90, 400 мал аргындаштырылганын айтат. Быйыл жыл башынан бери Кара-Суу районунда 400төн ашуун уйга асыл тукумдуу урук сайылды.