30-майда өлкө аймагында түнкүсүн жамгыр жаабайт. Күндүз көпчүлүк аймакта жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,
Таласта түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,
Ысык-Көл аймагында +2…+7, күндүз +17…+22,
Нарын дубанында түнкүсүн -2…+6, күндүз +15…+20,
Баткен жергесинде түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27,
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус жылуу.