Бүгүн, 30-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын илим-изилдөө мекемелеринин директорлору дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, КР УИАнын президиумунун токтомунун негизинде төмөндөгү директорлор бекиди:
Математика институту – академик, физика-математика илимдеринин доктору Бөрүбаев Алтай Асылканович;
Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институту – корреспондент-мүчө, техника илимдеринин доктору Кожогулов Камчыбек Чоңмурунович;
Ж.Жеенбаев атындагы Физика-техникалык проблемалар жана материал таануу институту– физика-математика илимдеринин доктору Жеенбаев Нурбек Жаныбекович;
Сейсмология институту – геология-минералогия илимдеринин доктору Абдрахматов Канат Эрмекович;
Биотехнология институту – корреспондент-мүчө, ветеринария илимдеринин доктору Жунушев Асанкадыр Темирбекович;
Химии жана фитотехнология институту – биология илимдеринин доктору Шалпыков Кайыркул Тункатарович;
Тоо физиологиясы жана медицина институту – медицина илимдеринин доктору Джунусова Гульнар Султановна;
Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту– академик, филология илимдеринин доктору Акматалиев Абдылдажан Амантурович;
Дж.Алышбаев атындагы Экономика институту – экономика илимдеринин доктору Дыйканбаева Токтобүбү Саякбаевна;
Тарых жана маданий мурас институту – корреспондент-мүчө, тарых илимдеринин доктору Асанканов Абылабек Асанканович;
А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш ресурстары институту – химия илимдеринин доктору Жоромамат Арзиев.