Салык кодексине өзгөртүү киргизилди

Автор -
213

Сооронбай  Жээнбеков «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Президенттин маалымат кызматы кабарлашкандай, мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан 2018-жылдын 18-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн билим алуу жаатында укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

Мыйзамга ылайык, багуусунда мектепке чейинки, мектепте, орто кесип жана жогорку окуу жайларында билим алган 24 жашка жетпеген үч жана андан көп адам болгон салык төлөөчүлөргө багуусундагы адамдарды окутуу үчүн салык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө социалдык төлөөлөрдү алууга мүмкүнчүлүк берилет.

Андан тышкары, бул социалдык төлөөнү алуу мүмкүнчүлүгү мамлекеттик органдын лицензиясы бар билим берүү уюмдарына төлөнгөн төлөмдөр менен гана чектелбейт, ал ошондой эле көзөмөлчү кеңештерге төлөнгөн төлөмдөргө дагы жайылтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.