Аба ырайы: 6-июнда Бишкекте күн 31 градуска чейин ысыйт

Автор -
232

6-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаайт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31,

Талас жергесинде түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29,

Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25,

Нарын дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24 градус болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14, күндүз 29…31 градус болот.