13-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
266

Эртең, 13-июнда түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөйт жана бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +13…+18 күндүз +30…+35

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16  күндүз +27…+32

Ош жана Жалал-Абад облустарында  түнкүсүн +15…+20 күндүз +31…+36

Баткен облусунда түнкүсүн +15…+20 күндүз +31…+36

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15 күндүз +23…+28

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11 күндүз +22…+27

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +16…+18 градус, күндүз +32…+34 градус болот жылуу болот.