КСДП фракциясынын лидери, бизнесмен, эң негизгиси президенттин эң ишеничтүү адамы Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңешке төрага болуп шайланды. Анын буга чейинки коомчулуктун көңүлүн бурдурган окуяларын сунуштайбыз.

1Акаев, Бакиев андан кийин Атамбаевдин тилин тапкан

Акаевдин убагында бизнесин гүлдөтүп, кийин Бакиевдин бийлигине өтө качып, Ынтымак Курултайында аны айга-күнгө теңеп мактаган. Андан кийин 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо бийликчил КСДП партиясынын алдыңкы орундарында, атүгүл фракция башчысы да болуп калды.

2Бакиевдин убагында анын кабинетине кирип өз позциясын айткан имиш

Бакиевдин анын өзүнө баласы, туугандары тууралуу ачык айтып келгенин берген маектеринде билдирген. Анын билдирүүсүндө, курч маселелерди көтөрүп келгендиги тууралуу билгендер бар экен. Баарысы болбосо да саясатта аралашып жүргөндөр. “2007-жылы, 2009-жылы да расмий түрдө ишкерлерге кысым жасалып жатканда президентке жазган расмий түрдө кайрылуу каттарым бар”, -деп билдириптир.

3Эшимканов менен акыйнек айтышкан “ун олигархы”

Мелис Эшимканов “Асаба” гезитин Акаевдин бийлигине жабышып, Карыпкуловдун күчү менен Турсунбеков тартып алганын айтып жүрдү. Ал кийин гезитти берет го деген ой менен чалса, Турсунбеков соодалашып койгонун билдирип жүрдү.

4Камчыбек Ташиев менен соттошкон

Экс-депутат Камчыбек Ташиев Чыныбай Турсунбеков пара берип, 66-70 миллион сомго «Ликёр-арак заводун» сатып алган деген сөзүн айткан. “Анын сатып алганы жалган болсо, мени сотко берсин”, дегенинен улам Турсунбеков аны сотко берген. Арак заводун сатып алганын бүгүнкү күнгө чейин төгүндөп келет. Айрым ММКларга заводдо кайрадан алкоголдук продукциялар өндүрүлүп, “Русский стиль” аталышындагы арактар сатыкка чыга баштаганы тууралуу маалыматтар жазылган. Заводду сатып алды делген анын кайниси Жумгал Давлетбеков “Акун” компаниялар тобунун “Бишкекмелькомбинат” ААКсын жетектейт.

5Ызы-чууга айланган мурдагы “Акылинвест” банкы

Максим Бакиевдин өнөктөштөрүнүн банкы деп саналган “Акылинвест» банкына Чыныбай Турсунбековдун жубайы ээлик кылары белгилүү болгону айтылып жүрдү. Бирок ал аталган банкка ага тиешеси жоктугун айтып жүрчү.

6“Сотко берем” деген сөздү жакшы көрөт

Бирөө жогоруда аталган арак заводу же банк тууралуу сөз кылып, изилдеп баштаса эле “сотко берем”, “тиешем жок” деп актанып жатып калат.